MedSwiss медициналык борборлорунда чет өлкөлүк жарандарды Covid-19 коронавирусуна каршы эмдөө жүргүзүлүп жатат.

Эмдөө үчүн паспорт гана керек (СНИЛС керек эмес)! Эмдөө үчүн «Спутник Лайт» (Sputnik Lite) вакцинасы колдонулат. Алдын ала жазылуу: +7 (812) 318-03-03 тел. боюнча. Вакцинациялоодон кийин чет өлкөлүк жарандарга эмдөө баракчасы/ сертификат берилет (qr-код берилбейт).

  1. COVID-19 менен оорубаган жана мурда эмдөөдөн өтпөгөн адамдар вакцина алат.
  2. Экинчи ирет эмдөө оорудан кийин 6 ай өткөндө же COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясына каршы эмдөөдөн кийин 6 ай өткөндө жургүзулөт*

«Спутник Лайт» менен эмдөө бир этапта жургузүлөт (препарат бир жолу куюлат).

Эмдөө процедурасы схема боюнча жүрөт:

  • Вакцинациялоонун алдында терапевттин кароосу
  • Препаратты сайып куюу (инъекция)
  • Медборбордо пациентти жарым саат байкоо

Врач-терапевт жүргүзөт:

  • Эпидемиологиялык анамнез жыйноо
  • Дене температурасын өлчөө
  • Артериялык кан басымды текшерүү
  • Сатурацияны өлчөө
  • Тамакты көрүү
  • Аускультация

Алынган маалыматтардын негизинде врач-терапевт эмдөөгө каршы көрсөтмөлөрдүн жок же бар болгонун аныктайт. Врач Сизге эмдөөгө боло турган реакциялар жөнүндө айтып берет.

Эмдөөгө каршы көрсөтмөлөр:

Вакцинанын кайсы болбосун компонентине же окшош компоненттери бар болгон вакцинага өтө сезгичтик;

Анамнезде өтө оор аллергиялык реакциялар;

Катуу кармаган жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулар, өнөкөт оорулардын күчөшү — вакцинация оорудан айыккандан кийин 2-4 жума өткөндө же ремиссия болгондо жүргүзүлөт.

Анча оор эмес өткөн дем алуу органдарынын сезгенишинде (ОРВИ), ичеги-карындын катуу кармаган жугуштуу ооруларында — эмдөө температурасы төмөндөгөндөн кийин жүргүзулөт;

Кош бойлуулук;

Эмчек эмизүү мезгили;

18 жашка чейинки курак (эффективдүүлүк жана коопсуздук жөнундө маалыматтын жоктугуна байланыштуу).

Улгайган пациенттерде колдонуу

18-60 жаштагы чоң адамдар колдонууга болот.

*Эл аралык жана россиялык изилдөөлөр боюнча  жаңы коронавирустук инфекция менен ооругандарда жана/же жаңы коронавирустук инфекциядан вакцина алгандарда орто эсеп боюнча туруктуу иммундук жооп 6 айга сакталып, 9-12 айга чейин төмөндөйт экендигин эске алуу керек.

Вакцина тууралуу кошумча маалымат.

Чет өлкөлүк жарандарды коронавирустан вакцинациялоо «Спутник Лайт» (Sputnik Lite) вакцинасы менен жургүзулөт —«Спутник V» россиялык вектордук вакцинасынын жеңилдетилген варианты, препараттын экинчи дозасы талап кылынбайт. Вакцина Н. Ф. Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология боюнча Улуттук изилдөө борборунда иштелип чыгарылган. Коронавируска каршы Sputnik Lite вакцинасы Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинде 2021-жылы 29 мартта каттоодон өткөн.

Вакцина биотехнологиялык ыкма менен алынган, анда адамга патогендүү SARS-CoV-2 вирусу колдонулбайт. Препараттын курамына 26 серотиптеги адамдын аденовирустун негизиндеги рекомбинанттык аденовирустук вектор кирет, ал SARS-CoV-2 вирусунун S белогунун генин камтыйт.

Алдын ала жазылуу +7 (812) 318-03-03 тел. боюнча.

Добавить отзыв

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Найти на карте

Позвонить

Записаться к врачу